Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук академиялык драма театры сахналаштырган "Акыркы кат" спектакли Түрк тилдүү мамлекеттердин III эл аралык театр фестивалында "Эң мыкты спектакль" наамын жеңип алды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестиваль Казакстандын Актау шаарында өтүп, жети өлкөнүн алдыңкы театрлары катышты. Бул жолу иш-чаранын башкы темасы түрк элдеринин тарыхы болду.
Кыргызстан атынан коюлган "Акыркы кат" спектаклинин автору Кайрат Иманалиев, режиссёру Уланмырза Карыпбаев. Сахна чыгармасы тарыхый теманы эң мыкты чагылдырганы үчүн башкы сыйлыкка татыды.
Сыйлыкты Казакстандын белгилүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды.