Акыркы 5 жылда Кыргызстанда спорт тармагын каржылоо 3 эсеге өстү

Спорт Загрузка... 08 Апрель 2025 17:33
67f4d20e0d826-thumb.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Акыркы беш жылда Кыргызстанда спорт тармагын каржылоо олуттуу көбөйүп, 800 млн сомдон 2,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын спорт жана дене тарбия чөйрөсүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар өлкө боюнча спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Касымалиев ошондой эле бир катар негизги спорт объектилерин масштабдуу реконструкциялоо жөнүндө айтып берди.

Анын ичинде:

  • Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион (Бишкек)
  • Курманбек стадиону (Жалал-Абад)
  • Спорт комплекси (Кочкор-Ата)
  • Сүйүнбаев атындагы стадион (Ош)
  • «Манас» спорт комплекси (Кара-Балта)
  • Улуттук футбол академиясы (Бишкек)
  • «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасы (Бишкек)

"Мындан тышкары, 2025-жылдын биринчи жарымында дагы 6 футболдук стадиондун курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда", - деп кошумчалады минкаб төрагасы.