Акыркы 5 жылда ӨКМдин бюджети 6 эседен ашык өстү

Экономика Загрузка... 18 Декабрь 2025 16:10
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. 2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 6 эседен ашык өстү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ага ылайык, куткаруучулардын айлык акысы да жогорулады. Бул коопсуздукка жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкка түздөн-түз таасирин тийгизет.

2020-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иш алып барса, учурда 240,8 млн сомдук кирешеге чыкты. Алар эски карыздарын жаап эле тим болбостон, туруктуу кирешеге жетишти.