Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын Атантай Акбаров Австралиянын Сидней шаарында "Жылдын мыкты акыны" наамын алды. Бул тууралуу Жазуучулар союзу билдирди.
Бул наам акынга Сидней шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк поэзия фестивалында ыйгарылган.
Иш-чара Сидней Эл аралык акындардын ПЕН (Poets International Pen Club (PIPC) клубу тарабынан уюштурулган.