Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Эртең, 5-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз элинин белгилүү акыны Анатай Өмүркановдун 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас орденинин ээси Анатай Өмүрканов Талас облусуна караштуу Манас районунда 1945-жылдын 2-июнунда жарык дүйнөгө келген.
Ал 1961-жылы Арал орто мектебин, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1971-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында кабарчы катары, 1980-2000-жылдар арасында «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында бөлүм башчы, башкы редактор катары эмгектенген.
2006–2007-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
2012-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеши аны Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешине мүчө кылып шайлаган. Бул коомдук кызматты ал 2016-жылдын апрелине чейин аркалаган.
Акын Анатай Өмүрканов жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу. Анын туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы «Мөлтүр сезим» деген ат менен жарык көргөн. Ошол эле жылы ал Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Ырлары орус тилинде да басылып чыккан.