Бишкек 31.05.25 /Кабар/. Таланттуу акын жана драматург Алтынай Темирова Кубанын борбору Гаванада өтүп жаткан эл аралык поэзия фестивалына катышууда.
Кечээ, 30-майда анын кыргыз, орус, испан, англис тилдеринде жарык көргөн “Бийчи жамгыр” китебинин бет ачары болуп өттү.
Ар бир күн кызыктуу өтүп жатканын белгилеген акын, “Фестиваль Федерико Гарсия Лорканын үйүндө өтүп атат. Ага Кыргызстандан - мен, Кытайдан Цао Цао, Сербиядан Билжана Милованович, Голландиядан Мариан Ейкелхофф, Мексикадан Паул Флорес, Аргентинадан Марсело Фагиано, ж.б. Бразилия, Чили, Франция, Перу, Румыния, Кения, Колумбия, Испания, Кубанын акындары катышып атат. 1-күнү университеттин чет тил факультетинин студенттери менен жолугушуп, аларга ыр окудук. Алардын чет тили – орус тили экен. Андан соң Маданият министри менен жолугушуу болду. Хореографиялык мектептин балдары сурнайчы кыздар менен жолугуп, ырларыбызды окудук”, - деп билдирди.
Алтынай Темированын айтуусу боюнча ошондой эле ушул күндөрү Дубайда беш континенттин өлкөлөрүнүн акындары катышып жаткан “Жибек жолу” фестивалы өтүүдө. Анда акынга “Азиядагы жылдын мыкты акыны” (“ASIAN POET OF THE YEAR AWARD") сыйлыгы ыйгарылган.