"Акылман" президенттик лицейине контракттык негизде окууга кирүүгө болбойт

Билим Загрузка... 01 Апрель 2025 12:18
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 1.04.25. /Кабар/. "Акылман" президенттик лицейине контракттык негизде окууга кирүүгө болбойт. Бул тууралуу аталган лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азирет Асанов билдирди.

Анын айтымында, лицейге окуучуларды кабыл алуу сынактын негизинде жүргүзүлүп, ага Кыргызстан боюнча бардык 6-класстын окуучулары катыша алат.

"Акыркы, үчүнчү этапта программаны чындап билген, жакшы окуган балдарды тандап алабыз.

"Бизге балдары сынактан өтө албай калган ата-энелер "лицейге контрактык негизде кирсе болобу?" деген суроо менен көп кайрылышат. Бирок, лицей балдарды толугу менен бюджеттик негизде окутат. Биздин лицейде контракт менен окууга мүмкүн эмес", - деди ал.