Бүгүн Талас облусунда окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан "Акылман" президенттик лицейи пайдаланууга берилди.
Лицейдин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Жаңы билим берүү мекемеси заманбап шарттар менен жабдылып, окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзөт.
Лицейдин ачылышы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын майрамдоого туш келди.
”Кабар” агенттигинин сүрөтчүсү жеринен кызыктуу кадрлар менен бөлүшөт.