Аманчылыгыңызды тилейбиз: Таластык аксакалдар президентке бата берди

Аймак 11 сентябрь 2026 12:00
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн айтылуу Талас шаарында президенттик “Акылман” лицейи салтанаттуу ачылып, анын алкагында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жергиликтүү калк, ак сакалдуу карыялар жана окуучулардын ата-энелери менен пикир алышты.

Президент менен маектешүү учурунда айыл аксакалдары өлкөдө жүрүп жаткан алгылыктуу өзгөрүүлөргө, билим берүүгө бөлүнүп жаткан өзгөчө көңүлгө ыраазычылыктарын билдирип, мамлекет башчысына ак баталарын беришти.

Ошондой эле карыялардын бири элибиздин тынчтыгын, президенттин амандыгын тилеп, жүрөктөн чыккан ак тилегин арнады:

“Сиздин эл-журт үчүн кылып жаткан талыкпас эмгегиңизге ыраазыбыз. Кудай сизге күч-кубат берсин. Биз көчөдө баратсак дагы сиздин аманчылыгыңызды, аман-эсен жүрүшүңүздү тилеп, тилек кылып турабыз”, — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейинин ачылыш аземи өттү.