Садыр Жапаров: "Акылман" лицейлери дагы 4 облуста салынат

Билим 11 сентябрь 2026 11:30
copyright icon Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Акылман" президенттик лицейинин филиалдары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышында ата-энелер менен баарлашуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, долбоордун максаты — ар бир облуста заманбап билим берүү очогун түзүү. Жаңы мектептерде балдар илим-билимге өзгөчө көңүл буруп, инженердик кесиптерди жана заманбап багыттарды тереңдетип өздөштүрүшөт.

План боюнча, аймактардагы лицейлер ишке киргенден кийин ар бир мектептен жылына 70-80ден окуучу бүтүрүп турат.