Бишкек, 1.04.25. /Кабар/. "Акылман" президенттик лицейине окуучуларды кабыл алууда социалдык жана үй-бүлөлүк абалына карата эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Бул тууралуу аталган лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азирет Асанов билдирди.
Анын айтымында, лицейге балдарды кабыл алуу бүгүн башталып ал 14-апрелге чейин уланат.
"Буга байланыштуу коомчулукта көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Алардын эң көп бөлүгү балдарды окууга кабыл алууда үй-бүлөлүк жана социалдык абалына жеңилдик барбы деген суроо. Лицейге кабыл алуу сынактын негизинде жүргүзүлөөрүн белгилеп кетким келет. Жакшы жыйынтык көрсөткөн балдар лицейге кабыл алынышат. Сынак ачык-айкын өтүп ага эч ким кийлигише албайт. Баса белгилей кетчү нерсе үй-бүлөлүк же социалдык шарты жок балдарга эч кандай жеңилдиктер каралган эмес", - деди ал.