“Акылман” лицейи көздөгөн максатына жетүүдө - Рыскулов

Билим Загрузка... 18 Апрель 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-04-18 at 09.14.42.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. “Акылман” президенттик лицейи көздөгөн максатына жетүүдө. Бул тууралуу аталган лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, лицейде жылдан-жылга өнүгүү, өсүү байкалууда.

“Балдарыбыз бир гана академиялык жактан эмес, коомдук иш-чараларда, социалдык долбоорлорду жасоодо мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатышат. Республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болгон окуучуларыбыз бар. Өлкөдөгү олимпиадаларда эле эмес, дүйнөлүк олимпиадаларга барып жатышат. Мисалы, жакында окуучуларыбыз жасалма интелект боюнча Пекин шаарына, киберкоопсуздук боюнча Сингапур өлкөсүнө, математика боюнча Европа өлкөлөрүнө, биология сабагы боюнча Индонезия өлкөсүнө барып, олимпидаларга катышат. Лицей академиялык эркиндиктеги мектеп болгондуктан, максатыбыз өзүбүздүн улуттук нарк-насилди каада-салттарды, үрп-адаттарды дүйнөдөгү билим берүү системасы менен интеграциялап, лицейдин билим берүү программасын түзүү жана мамлекетибиз үчүн пайдалуу билим берүү системасын ойлоп табуу. Буюрса, “Акылман” президенттик лицейи көздөгөн максатына жетүүдө”,-деди ал.