Садыр Жапаров: “Акылман” лицейлери — келечек үчүн жасалып жаткан иш

Президент 13 октябрь 2026 12:10
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда “Акылман” лицейлери ар бир облуста бирден курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда лицейлер Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарында курулуп, Ош облусунда дагы курулуш иштери башталды. Алдыда кезеги менен Баткен, Нарын жана Чүй облустарында салынат.

Ар бир лицейде 350-400дөй окуучу билим алат. Таланттуу балдарды тандоодо өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарынан тең санда кабыл алуу каралган.

“Лицейдин келечеги өтө кең. Алгач бул мектепти, андан кийин жогорку окуу жайын бүтүрүп келген бала эртеси күнү жумушка алынат. Жөнөкөй кызматкерден болуудан баштайт. Ал жерден президенттер, премьер-министрлер, мыйзам жазган депутаттар чыгат. Бул — келечек үчүн жасалып жаткан иш”, — деди Садыр Жапаров.