Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас шаарында “Акылман” президенттик лицейинин курулушу мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин жыйынтыгы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейинин ачылыш аземинде билдирди.
Президент өз сөзүндө, аталган лицейдин курулушуна колдоо көрсөткөн инсанга ыраазычылыгын айтты.
“Дүйнөдө алдыңкы өлкөлөр кайсы багытта өнүгүү жолунда экенин талдай билген, замандын күрө тамырын кармай билген, жаркын келечек үчүн кайдыгер карабай жаш муундун билим алуусуна жан дили менен колдоо көрсөткөн Абилдаев Болот Ералхановичке терең ыраазычылык билдирем”,- деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, бүгүн Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейинин ачылыш аземи өттү.
Видеонун автору Диана Айдарова “Кабар” агентти