Өлкөдөгү эң алдыңкы “Акылман” лицейинде 12 жылдык билим берүү эмдиги жылдан башталат

Билим 2634 18 Апрель 2025 16:35
1070177851_0_0_2835_1595_2072x0_60_0_0_6895317d9fae4592541fcd357ac3715b.730x0.jpg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 09.14.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
1070177851_0_0_2835_1595_2072x0_60_0_0_6895317d9fae4592541fcd357ac3715b.730x0.jpg
WhatsApp Image 2025-04-18 at 09.14.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. “Акылман” президенттик лицейи 12 жылдык билим берүү системасына 2026-2027-окуу жылынан тарта өтөт. Бул тууралуу лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, лицей учурда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө жигердүү даярдык көрүүдө.

“Аталган программа менен дүйнөнүн 100дөн ашуун алдыңкы өлкөлөрү билим берүүдө. Жаңы окуу программасы окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө коркууга негиз жок. Бул программа менен иштеп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, ага кыргыздын улуттук нарк-насилин, каада-салтын, үрп-адатын интеграциялап, билим берсек болот”,-деди ал.