Акыл-эси жана күчү менен чыйралган аял улуттун сакталышына салым кошот – Айгүл Жапарова

Коом Загрузка... 21 Август 2025 09:42
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.39.17.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Акыл-эси жана күчү менен чыйралган аял улуттун сакталышына салым кошот. Бул тууралуу күн мурун Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Бишкек шаарында өткөн "Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форумун ачып жатып айтты.

Айгүл Жапарова форумда ошондой эле айымдардын коомдогу маанилүү ролун белгилеп жатып, “XIX кылымда Курманжан датка бул жерлердин коргоочусу болгон. Өзбекстандын тарыхында да аялдарга ар дайым урмат көрсөтүлүп келген, мунун далили катары Самарканддагы Биби-Ханым мечитин айтууга болот. Биздин кан-жаныбызда, турмуш образыбызда көчмөндөр империясынын улуулугу жатат, ал эми акыл-эси жана күчү менен чыйралган аял улуттун сакталышына салым кошот” - деди.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө заманбап аял жеке жашоосун да, карьерасын да мыкты айкалыштыра ала тургандыгын, спортчулар - Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Диёра Келдиёрова жана Асел Байбагышева буга үлгү экендигин баса белгилеп өттү.

"Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форуму илим жана билим берүү, медицина, маданият, искусство, спорт жана ишкерлик тармагындагы көптөгөн лидер айымдардын башын бириктирди. Ага ошондой эле коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн келген лидер айымдар да катышты.