Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Акыйкатчы институту жаранга "Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан өндүрө албай жаткан акчасын алууга жардам берди.
Ведомстводон маалымдашкандай, П.Н.П. аттуу жаран быйыл 25-июлда Бишкек-2 темир жол вокзалынын кассасынан Москва – Бишкек багыты боюнча үч билет сатып алып, алардын жалпы суммасы 35 220 сомду түзгөн. Билеттерди Россиядан келе турган туугандары үчүн алган. Алардын паспорттук маалыматтарын көрсөткөндө, кассадагы кызматкер билетти кагаз түрүндө берген.
Бирок 3-августта Россиядан чыгуу маалында туугандарынан кагаз билеттин түп нускасы талап кылынган. Билеттердин сүрөтү жараксыз деп табылып, алар жаңы билет сатып алууга аргасыз болушкан. Жаңы билеттерге 20 200 рубль коротулган.
4-августта жаран билетти кайтарып, акчасын алуу максатында "Кыргыз темир жолу" ишканасына кайрылганда, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын директору С. Осмонов акчаны кайтаруудан баш тарткан.
Арыз ээси белгилегендей, касса кызматкери электрондук билет жазып берүүгө милдеттүү болгон, бирок ага кагаз билет берилген. Ошондой эле билеттин түп нускасы талап кылынарын эч ким эскертпеген.
Мыйзамга ылайык, "Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу" боюнча эрежелерде кагаз жана электрондук билеттер бирдей укуктук күчкө ээ. Мындан тышкары, “Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө макулдашууга” ылайык, электрондук билеттерди телефон же башка электрондук түзмөктөр аркылуу көрсөтүүгө уруксат берилет.
Маселе боюнча жаран акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылганда, Акыйкатчы институту арызды кароого алып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тиешелүү тапшырма берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Министрликтин кийлигишүүсүнөн кийин, 16-сентябрда, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жаранга билет үчүн төлөгөн 35 220 сомду кайтарып берген.