Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ирандын элчиси менен жолугушту

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттарынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жамиля Жаманбаева элчини Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, мекеменин эл аралык байланыштары жана институттун аймактык жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташтыгы тууралуу маалымдады.

Элчи Ирандын түрмөсүндө учурда экономикалык кылмышка айыпталган Кыргызстандын жараны кармалып турганын билдирди.

Ал эми Кыргызстанда соттолгон Ирандын жараны жакында жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине экстрадицияланганын белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда укуктук жана соттук тармакта кызматташууну жургүзүү үчүн бир катар макулдашуулар бар. Эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосундагы келишим жакында күчүнө кирди. Ал мекемелерге түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Бул документтер укуктук талаадагы кызматташтыгыбыздын негизи болуп саналат», - деп белгиледи элчи.

Мындан тышкары, Голам Хоссейн Ядегари акыйкатчыга Кыргызстанда жакында кармалган Ирандын төрт жаранынын укуктарын камсыздоого көмөктөшүүнү өтүндү. Анын айтымында, алардын экөө экономикалык кылмышка байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырылып, кармалган. Дагы эки ирандык КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалоо) боюнча шектелүүдө.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тергөө абагында кармалган Иран жарандарынын кармоо шарттарына жана ден соолугуна мониторинг жүргүзөрү айтылды.