Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева акыркы учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп, анын кесепети аялдардын ден соолугуна оор зыян тийгизип, айрым учурлар өлүмгө чейин алып келип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 38 жаштагы беш баланын энеси Айзирек Эралиеванын өлүмү аялдардын коопсуздугуна көңүл бөлүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын дагы бир жолу айгинеледи.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту 2024-жылы аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен өткөн жылы тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон.
Эске салсак, 26-май күнү саат 23:20 чамасында Өзгөн РИИБне 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын сөөгү ооруканага жеткирилген. Даарыгерлер анын октон алган жаракатынан өлгөнүн ырасташкан.
Окуя Өзгөн РИИБ тарабынан каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип маркум келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Айзирек Эралиеванын артында беш баласы калды. Балдарынын эң улуусу 17 жашта, Бишкек шаарындагы коллеждердин биринде билим алат. Ал эми, экинчи уулу - 9-класстын окуучусу, үчүнчү уулу - 11 жашта, төртүнчүсү - 7 жашта кыз, эң кичүү кызы - 4 жашта.
Балдарды аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган А.Бнын бир тууган агасы камкордукка алууга даярдыгын билдирди.
Акыйкатчы институту Айзирек Эралиеванын жакындарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтөт.