Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укугу бузулду — акыйкатчы мэрияга кайрылды

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 11:00
561532526_805972212391271_4413164171455915608_n.jpg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыздоого жана дискриминацияга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти

Маалыматка караганда, акыйкатчынын тынчсыздануусуна Бишкек шаарындагы “Евразия” сейил багында 7 жашар Айлин менен апасы кабылган окуяга түрткү болгон.

Айлиндин апасынын айтымында, Даун синдрому бар кызынын жакында эле омурткасына операция жасалгандыктан, азырынча өз алдынча баса албайт. Кызын ат аттракционуна отургузуп, жанында кармап турайын дегенде, сейил бактын кызматкерлери жолтоо болгон. Алар аттракцион 14 жашка чейинки балдар үчүн деген жүйөө келтиришкен.

“Кызым менин жардамымсыз отура албайт. Буга чейин башка сейил бактарда эч тоскоолдуксуз эле түшүп жүрчүбүз”, - деген кыздын апасы.

Бул окуядан кийин акыйкатчы Бишкек шаарынын мэриясына кыздын аттракционго кирүүсүнө бөгөт болгон эреженин негиздүүлүгүн тактоого чакырган кат жолдоду.

Ошондой эле Жамиля Жаманбаева мындай учурлар кийин дагы кайталанбашы үчүн сейил бактын кызматкерлерин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, өзгөчө балдарга туура жана сый мамиле жасоону үйрөтүүнү сунуштады.

Акыйкатчы белгилегендей, аттракциондорго кирүү эрежелери коопсуздук жана техникалык талаптардын негизинде гана так жана тушүнүктүү түрдө жөнгө салынууга тийиш.

Мындан тышкары, ал сейил бактарда коопсуз эс алуу зоналарын, пандустарды жана ыңгайлаштырылган аттракциондорду жабдууну айтты.