Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигин майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого чакырды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Караколдогу Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканасында жана анын кызматкерлери жашаган эки кабаттуу үйдө мониторинг жүргүзгөн.
Анда 1979-жылы курулган 9 батирлүү үйдүн чатырынан суу өтүп, дубалдары көгөрүп кеткени аныкталды. Тургундар мэрияга жыл сайын кайрылышканы менен маселе чечилбей, кооптуу шартта жашап келишет.
Мындан тышкары, Караколдун көчөлөрүндө атайын үн чыгаруучу жол чырактар жана жөө өтмөктөрдө эскертүү белгилери жок. Майыптыгы бар жарандар коомдук транспортту колдоно алышпайт, ал эми такси айдоочулары аларды ташуудан баш тартышары белгилүү болду.
"Милицияда, соттордо жана ооруканаларда сурдокотормочулар жок болгондуктан, угуусу начар жарандар медициналык жардам жана сот адилеттигин толук ала албай жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Бул ишканада жалпы 48 адам эмгектенсе, анын 31инин майыптыгы бар. Текшерүүнүн жыйынтыгында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун башчысына аныкталган мыйзам бузууларды тез арада четтетүү боюнча расмий сунуштама жөнөттү.