Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына барды

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 14:50
images (4).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына мониторингге барып келишти.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, анда алар журналист Махабат Тажибек кызы менен баарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда Махабат Тажибек кызынын каты жарыяланган. Ал катка башка кармалгандардын “өлтүрөм” деген коркутуусуна байланыштуу өз өмүрүнөн кооптонуп жатканын жазган.

Махабат Тажибек кызы Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине коркутуулар болгонун айтты.

“Ооба, В. Лысенко тарабынан коркутуулар болгон. Ал нерселер мен абакка келген биринчи күндөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Азыр абактын жаңы жетекчиси тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Учурда менин өмүрүмө коркунуч жаралбай эле. Андыктан абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок”, - деп жазган ал өз арызында.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери абактын жетекчилиги менен тиешелүү иш алып барышты. Мекеменин жаңы жетекчиси Махабат Тажибек кызынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, 13-февралда Лысенкону жалпы режимден катуу шарттагы кармоого (камералык типтеги жайга) которгонун маалымдады.