Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абаддагы №10 түзөтүү колониясына жана №53 тергөө абактарына мониторинг жүргүздү.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, анда соттолгондордун жана камактагылардын укуктарынын сакталышы, кармоо шарттары текшерилип, алар менен жекече сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Кайрылуулардын айрымдары боюнча укуктук кеңеш берилип, бир катар маселелер жеринде чечилди.
№10 мекемеде 1290 адамга ылайыкташкан колонияда кийим-кече, бут кийим, зым жана кирпич өндүрүүчү цехтер иштейт. Мониторинг маалында стационарда 9 соттолгон дарыланып жаткан. Катуу тартиптеги корпуста кармалган 186 адамдын шарттары да текшерилди.
Ал эми Манас шаарындагы тергөө абагында 216 адам, анын ичинде 206 эркек, 10 аял, 8 жашы жете элек өспүрүм жана 10 чет өлкөлүк жаран кармалып турган.
Мониторингдин жыйынтыгында эки мекемеде тең Акыйкатчы институтуна жашыруун кайрылуу үчүн атайын кутучалар орнотулду.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын алты айында Акыйкатчы институту 482 мониторинг жана текшерүү жүргүзүп, анын 270и эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда өткөрүлгөн.