Акыйкатчы институтунун көмөгү менен Бишкектин тургуну биринчи жолу паспорт алды

Коом Загрузка... 31 Июль 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.53.59.jpeg
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. СССРдин күбөлүгү менен жүргөн Бишкек шаарынын тургуну биринчи жолу кыргыз паспортун алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматына ылайык, акыйкатчыга Ч.Т. аттуу Россиянын жараны Бишкекте жашаган 58 жаштагы эжесине паспорт алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн айткан. Жамиля Жаманбаеванын “Кызмат” мамлекеттик мекемесине кайрылуусунан кийин биргелешкен аракеттердин жыйынтыгында жаранга документ эки күндүн ичинде даярдалды.

Ал мурдагы советтик үлгүдөгү паспортун жетиштүү деп эсептеп, жаңысына алмаштырган эмес. Паспорту жок болгондуктан ага майыптык боюнча пенсия дайындалбай келген. Паспортун алган күнү аялдын ал маселеси да каралып, Токмок шаарындагы психоневрологиялык интернатка стационардык дарыланууга жолдомо берилди.

Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, учурда дагы үч улгайган жаранга өздүк документин алып берүүгө жардам көрсөтүп жатат.

2025-жылдын алты айында институтка паспорт, жарандык жана өздүк документтерге байланыштуу 35 кайрылуу келип түшкөн.

Калктын аярлуу катмарынын документтерин калыбына келтирүү боюнча Акыйкатчы институту активдүү иш алып баруусун улантары айтылды.