Акыйкатчы институтунун имараты толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, кызматкерлер жаңыланган мекемеде иш алып барууда.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, имаратты реконструкциялоо иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган. Институтту оңдоп-түзөө иштерине Финансы министрлиги 25 млн сом каражат бөлгөн.

Акыйкатчы институту жайгашкан имарат республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргендиктен анын сырты өзгөртүлбөстөн жаңыланды. Имараттын арткы короосу жашылдандырылып, “Укук аллеясы” ачылып, жарандарыбыздын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Оңдоп-түзөө иштерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” ишке ашырды.

Эскерте кетсек, имарат 1932-жылы салынган. Бул жерде 1941-жылы Москвадан Кызыл туулу Суворов ордендүү 385-Кричев аткычтар дивизиясынын штабы жана саясий бөлүмү, Куйбышев аскердик-инженердик академиясы, “Билим” коому, ишкерлер ассоциациясы жана башка мекемелер жайгашкан.

2009-жылы Акыйкатчы институту көчүп келген. Андан бери имарат бир да жолу оңдолгон эмес.