Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Акыйкатчы институту Ысык-Көлдүн тургунуна аскердик билетин алууга көмөктөштү.
Институттун басма сөз кызматы билдиргендей, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Түп районунун 24 жаштагы тургуну А.И. аскердик билет алууга жардам сурап кайрылган.
II топтогу майыптыгы бар жаран Түп райондук аскер комиссариаты анын укуктарын бузуп жатканына даттанган. Арыздануучунун айтымында, ал үч жылдан бери аскердик билет ала албай убара тартып келген. Бул убакыт аралыгында аскер комиссариаты андан майыптыгын далилдеген ар кандай кошумча маалымкаттарды талап кыла берген.
Учурда жаран Каракол шаарындагы Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын 4-курсунда билим алат. Ал аскерге алгач 2023-жылы чакырылган.
"Мен аскер комиссариатынын кызматкерине бардык керектүү документтерди, анын ичинде тубаса майыптыгым бар экендиги тууралуу мөөнөтсүз күбөлүктү да тапшыргам. Эки айдан кийин аскердик билетти алганы келсем, алар хирургдун операция жасагандыгы тууралуу ооруканадан маалымкатты сурашты. Негизи, бул маалымкаттын такыр эле кереги жок болчу", - деп билдирген ал.
Арыздын негизинде акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түп райондук аскер комиссариатына барып, жигиттин өздүк иши менен таанышты. Текшерүүдө белгилүү болгондой, аскер комиссариаты жарандын окуу жайынан берген маалымкатынын негизинде анын аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн 2026-жылдын июнь айынын аягына чейин жылдырып койгон.
Ошондой эле өздүк иштин ичинде Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) тарабынан 2020-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилге берилген, мөөнөтү өтүп кеткен гана маалымкат табылган. Ал эми А.И. өзү айткан мөөнөтсүз маалымкаттын көчүрмөсү документтердин арасында жок болуп чыккан.
"Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга ылайык, I, II же III топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогору жарандарга аскердик билет дароо берилип, алар аскердик каттоодон чыгарылат.
Мыйзам бузууларды четтетүү максатында Акыйкатчынын аймактык өкүлү МСЭКтин райондук бөлүмүнө расмий кат жөнөтүп, арыз ээсинин 2021-жылы берилген мөөнөтсүз майыптыгы тууралуу маалымкаты бар экенин тастыктаган расмий жооп алган.
Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин гана, 2026-жылдын май айында 24 жаштагы жигитке көптөн бери ала албай жүргөн аскердик билети тапшырылды.