Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу кыздардын никеге туруусун алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүлдү. Мындай мониторингдер өлкөнүн башка облустарында да улантылат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, институттун кызматкерлери Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнүн, Сузак райондук төрөт үйүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн иш-аракеттерин изилдөөгө алган.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган, анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш тергелүүдө.
Ал эми Жалал-Абад облустунун прокуратурасы берген билдирүүдө 2024-жылдын 9 айында 21 жашы жете элек кыз саламаттык сактоо мекемелеринде кош бойлуулук боюнча каттоого тургандыгы же төрөгөндүгү тууралуу жазылган. Анын ичинен 3 учур гана сотко өткөн. Калган 18 факт боюнча Сузак РИИБи тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылганы аныкталган.

Сузак районунун төрөт үйүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9 айында 14 жашы жете элек кыз көз жарган. Ал эми былтыркы жылдын 9 айында Сузак районунда 5 өспүрүм кыз төрөгөн.

Ошону менен катары эле Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнө 2024-жылдын 11 айында 17 жаран нике жашын төмөндөтүүнү сурап, арыз менен кайрылган. Алардын арызынын негизинде 17 өспүрүм кыздын нике жашын төмөндөтүүгө уруксат берилген. Аталган комиссиянын чечимининин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн Башкы прокуратурага Акыйкатчы институту кат жолдогон.
Өз кезегинде Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чара көрүү үчүн Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысына сунуштама жибергени маалым болду.
“Сузак районунда эрте турмушка чыгып кеткен кыздардын бири орто мектепте билим алып жаткан 16 жашар кыз. Ал өзүнөн алты жаш улуу жигит менен үй-бүлө курганы маалым болду. Жашы жете элек өспүрүмгө аталган айылдын 71 жаштагы имамы нике кыйган. Бул иш боюнча Базар-Коргон РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында имам өз эрки менен жумуштан кеткен”, - деп белгилешти Акыйкатчы институтунан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 15-17 жашка чейинки 68 кыз көз жарган. Ал эми ушул эле жаш курактагы кыздардын бойдон алдыруусу боюнча 2023-жылы 9 учур катталган. Баткен облусунда 15-17 жашка чейинки 6 кыз, Ош облусу боюнча 23 кыз төрөгөн, Ысык-Көл облусунда – 13, Нарында – 8, Таласта – 11, Чүйдө 60 жашы жете элек кыз көз жарган. Ош шаарында – 6, Бишкек шаарында жашы жете элек 56 кыз төрөгөн. Ал эми жалпы республика боюнча 2023-жылы 15-17 жашка чейинки 310 кыз көз жарган.

Акыйкатчы институту 2024-жылдын маалыматтары Саламаттык сактоо министрлигинен суралганын, азырынча жооп келе электигин айтты. Ошондой эле мекеме жашы жете элек кыздардын укуктарынын сакталышын күчөтүүгө Башкы прокуратурага, Билим берүү министрлигине, ИИМге жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кат жолдогонун кошумчалады.
Ал арада Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, 2024-жылдын 12 айында өлкөдө жашы жете электерге нике кыюу боюнча жалпысынан 29 кылмыш иши козголгон.

Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыздардын укуктарын сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү, жашы жете элек кыздарды расмий жана диний никеге каттоого жол бербөөгө чакырды.

“Кыздардын эрте турмуш куруусуна жол бербөө үчүн, алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Эрте никенин кесепеттерин балдарга мектептерде жана үйдө байма-бай түшүндүрүү керек”, - деди акыйкатчы.