Акыйкатчы институту кыздын Бишкектеги колледжден Караколго которулуусуна көмөк көрсөттү

Коом Загрузка... 13 Октябрь 2025 15:50
f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. 17 жаштагы кыздын Бишкектеги колледжден Караколго которулуусуна көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын тургуну Р.Н.А. акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага арыз менен кайрылып, каза болуп калган бир тууган эжесинин 17 жаштагы кызынын укуктары бузулуп жатканын билдирген.

Арызда ал Бишкек шаарындагы колледжде окуган жээни Караколдогу педагогикалык колледжге которулмай болгондо, окуу жайдын жетекчилиги студенттин документтерин берүүдөн баш тартканын белгилеген.

Ошондой эле арызда кыздын атасынын бир тууганы зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алганына байланыштуу таежесинин колуна барууну туура көргөндүгү жазылган. Бирок атасынын туугандары анын Караколго барып окуусуна каршы болуп, тоскоолдук түзүп жатканы да айтылат.

Белгилүү болгондой, окуу жай документтерди бербей койгон чечимин кыздын мыйзамдуу өкүлү катары таежесин тааныбай тургандыгы менен түшүндүрүшкөн. Анткени кыздын мыйзамдуу өкүлү атасынын бир тууганы болгон.

Акыйкатчы институту кыздын укуктары жана эркиндиктери бузулганын аныктап, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасына расмий кат жолдогон.

Ошондон кийин окуу жай студенттин Караколго которулуусуна каршылык көрсөтүүсүн токтотуп, документтерин берген.
Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин чечимине ылайык, август айында жашы элек кыздын таежеси камкорчусу болуп дайындалган.