Акыйкатчы институту Коргоо министрлигинин республикалык топтоо пунктундагы кемчиликтерди атады

Коом Загрузка... 28 Май 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Коргоо министрлигинин республикалык топтоо пунктундагы шарттар текшерилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, институттун кызматкерлери казарма бөлмөлөрүн, жуунучу жайларды, санитардык түйүндөрдү (даараткана), ашкана, видеокөзөмөл тутумун жана башка маанилүү объекттерди карап чыгышкан.

Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылган 50дөн ашуун жигит болгон. Пунктунун күзөттөгү 3 жоокери жана аскердик милдетин өтөөгө чакырылган жарандар менен жеке маек жүргүзүлдү. Алардын жашоо-шарттары, ден соолугунун абалы, гигиеналык шарттар жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча пикирлери угулду.

Республикалык топтоо пунктунун жетекчилиги менен аскерге чакыруу жараянынын уюштуруудагы кыйынчылыктар жана көйгөйлөр талкууланды.

Акыйкатчы институту тарабынан мониторингдин жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталды.

Санитардык-гигиеналык шарттар өтө начар абалда. Топтоо пунктунун аймагында болгону төрт гана кол жуучу жер жана бир душ бөлмөсү орнотулган. Бул белгиленген ченемдерден кыйла аз. Санитардык түйүндөр эскирип, оңдоого муктаж.

Даараткана сыртта жайгашкан. Ал дагы санитардык талапка жооп бербейт.

“Ккоопсуздук жана видеокөзөмөл жаатында да көйгөйлөр бар. Алсак, казарманын ичинде жарык жетишсиз, айрым бөлүктөрүндө лампалар иштебейт. Видеобайкоо чектелүү гана аймактарды камтыйт. Бул тартип бузууларга жана уставдык эмес мамилеге жол ачышы мүмкүн. Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жогорудагы кемчиликтердин жана укук бузуулардын негизинде Коргоо министрлигине атайын сунуштамасын жөнөтүп, бул мыйзам бузууларды жоюу жана шарттарды камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө чакырып, кат жолдоду”, - деди институт.

Коргоо министрлиги болсо, акыйкатчынын катынын негизинде кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлер тартип жоопкерчилигине тартыларын жана күзгү аскерге чакырууга чейин кемчиликтер оңдолорун маалымдаганы белгилүү болду.

Мындан ары да акыйкатчы аскер кызматын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын толук сакталышына өзгөчө көңүл буруп, көз салууну улантары айтылды.