Акыйкатчы институту кайын атасы тарабынан зордукталган келиндин окуясынын чоо-жайын айтты

Коом Загрузка... 20 Август 2025 18:00
ffd649f4-3569-47bd-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кайын атасы сексуалдык зомбулук көрсөткөн 20 жаштагы келин жана анын жолдошун кабыл алып, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ж.к.Э. аттуу келин былтыр турмушка чыккан. Арадан бир ай өтпөй кайын атасы бычак менен коркутуп, зордуктаган. Бир жыл бою кайталанган мындай ыплас аракеттерди кайын энеси да билип, эч кандай чара көргөн эмес.

Келиндин айтымында, 11-апрелде көз жарган. Төрөт үйүнөн чыккандан 15 күндөн кийин эле кайын атасы кайрадан күч колдонуу менен зордуктаган. Ал кайын атасынын зордук-зомбулугу боюнча май айында гана жолдошуна айткан. Ата-баланын ортосунда чыр чыгып, уулу ур-токмокко алынган. Жаштар ымыркайын кайын атасына таштап, Ысык-Көлгө качып кеткен. Ал жактан жарандардын кеңеши менен милицияга арыз менен кайрылышкан. Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына түгөйлөр июль айында арыз жазган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козголуп, 16-августта шектүү кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, шектүү кармоо учурунда күч органдарына 50 миң сом пара сунуштаган. Ага "Пара берүү" беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон.

Жубайлардын пикиринде, алар кризистик борборго да кайрылып, кызматкерлер менен бирге 4 айлык ымыркайын кайын-журтунан алып кеткени барганда бала ыйлоого да алы келбей алсырап калган. Ымыркай реанимация бөлүмүнө жаткырылып, бирок көп өтпөй чарчап калган. Балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Ошондой эле жубайлар банктагы насыясынын төлөмдөрүн убактылуу токтотуп турууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Акыйкатчы жаштарга акысыз адвокат, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү тараптарга расмий кат жолдоду. Мындан тышкары, насыясынын төлөмдөрүн убактылуу токтото туруу өтүнүчү менен банкка да кат жиберген.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды келиндин укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, ошондой эле тергөө органдарын жогорудагы окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.