Акыйкатчы институту Бишкектин тургунунун социалдык кызмат алуусуна көмөктөштү

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 09:25
383446.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектин тургунунун социалдык кызмат алуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 77 жаштагы К.Л.А. аттуу жаран социалдык кызмат алууга жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылган.

Арызында артроз оорусу менен жабыркагандыктан көп кыймылдай башка бирөөнүн камкордугуна муктаж экенин билдирген.

Акыйкатчы институту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине аялды зарыл болгон социалдык кызматтар менен камсыздоону сунуштап расмий кат жолдогон.

Институттун кайрылуусунан кийин Биринчи май районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жардам көрсөтө баштады.

Аял көп жылдан бери батиринен таштанды чыгарбагандыктан үйү акыр-чикирге толуп кеткен. “Тазалык” ишканасы батирди тазалап, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дезинфекция жасады.

Учурда пенсионер бардык зарыл социалдык кызматтарды алып, өз батиринде жашап жатат.

Акыйкатчы институту жарандардын укуктарын коргоо жана аларга зарыл жардамдарын көрсөтүү ишин уланта берерин белгиледи.