Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи май, Октябрь райондорунун балдар иштери боюнча комиссияларынын ишмердүүлүгүнө жана 2024-жылдагы чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгында комиссиянын мектепти көп калтырган жана жүрүм-туруму начар окуучуларды Бишкек шаарындагы №10 күндүзгү жана кечки жалпы билим берүү мектебине которуу боюнча айрым чечимдери негизсиз болгону аныкталды.
Балдардын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнүн жана сабактан калып жаткан учурлардын себептери такталбай, социалдык абалы терең талданбай үстүртөн чечим чыгарылгандыгы белгилүү болду.
Белгиленгендей, комиссиянын чечими менен бир жыл ичинде №10 мектепке 65 бала которулган:
- Ленин районунан – 26
- Биринчи май району - 25
- Октябрь району боюнча – 3
- Свердлов районунан – 11 бала .
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мектепке барганда эртең менен окуган окуучулар сабак учурунда билим алгандын ордуна класстарды тазалап жаткан.
Ал эми түштөн кийин сабакка класстардын окуучуларынын көпчүлүгү келбей турганы ачыкталды.
Акыйкатчы институту мындай көрүнүш балдардын жүрүм-туруму, сабактарга катышуусу тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканын көрсөтө тургандыгын айтты.
Институттун жолдогон катынын негизинде Башкы прокуратура аталган мектептин директорунун милдетин аткаруучуга милдетин так аткарбаганы үчүн кызматтан бошотулганын, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына сөгүш жарыяланганын кабарлады.
Акыйкатчы институтунан кошумчалашкандай, мониторингдин жыйынтыгы менен министрлер кабинетине комиссиялардын ишине көзөмөлдү күчөтүү жана “Балдар иштери боюнча комиссиянын” жобосун бузган мүчөлөрдүн тартип жоопкерчилигин кароону, ошондой эле №10 мектептин ишинин максатка ылайыктуулугун карап чыгууну дагы сунуштады.