Баткендеги айрым абактарда мыйзам бузуулар аныкталды

Аймак 01 Апрель 2026 12:35
5298864280688071762 (1).jpg
5298864280688071804 (1).jpg
5298864280688071796 (1).jpg
5343617131242787727.jpg
5343617131242787731.jpg
5343617131242787736.jpg
5343617131242787740.jpg
5343617131242787746.jpg
5343617131242787737.jpg
5343617131242787748.jpg
5343617131242787763.jpg
5343617131242787758.jpg
5298864280688071746.jpg
5343617131242787757.jpg
5298864280688071757.jpg
5298864280688071800.jpg
5298864280688071793.jpg
Алдыга
Артка
5298864280688071762 (1).jpg
5298864280688071804 (1).jpg
5298864280688071796 (1).jpg
5343617131242787727.jpg
5343617131242787731.jpg
5343617131242787736.jpg
5343617131242787740.jpg
5343617131242787746.jpg
5343617131242787737.jpg
5343617131242787748.jpg
5343617131242787763.jpg
5343617131242787758.jpg
5298864280688071746.jpg
5343617131242787757.jpg
5298864280688071757.jpg
5298864280688071800.jpg
5298864280688071793.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жарандардын укуктарын коргоо жана кыйноолордун алдын алуу максатында аймактагы убактылуу кармоочу жайларга жана тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда УКМКнын тергөө изоляторунда 6 жаран, ал эми Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 10 киши кармалууда. Алардан кармоо шарттарына жана кызматкерлердин мамилесине карата даттануулар түшкөн жок. Бир айыпталуучу Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен анын соттук отурумуна байкоочу катары катышууну өтүндү.

Ал эми Лейлек жана Кадамжай райондук милицияларынын изоляторлорунда абал талапка жооп бербейт. Лейлек райондук милициясынын имараты 1984-жылы курулуп, учурда авариялык абалда. Кармалгандарга эскилиги жеткен жууркан-төшөк, идиш-аяк берилген. Эки райондун тең изоляторлорунда медициналык жайлар керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган эмес, бул ички тартип эрежелерин бузууга жатат.

"Лейлек жана Кадамжай РИИБдеринде Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө кармалгандардын өздүк иштери менен таанышууга уруксат берилген жок. Бул аракет "КР Акыйкатчысы жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 10, 20 жана 21-беренелерин одоно бузуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине атайын көңүл буруу актысы жөнөтүлдү. Акыйкатчы институту эркиндигинен ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөөнү улантат.