Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Үч-Терек айыл аймагынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыйкатчыга Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары ичүүчү суунун сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө нааразы болуп, укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылышкан.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү аталган айылдардын социалдык-инфраструктураларынын абалына мониторинг жүргүздү.
Жергиликтүү бийликтин маалыматында, 2020–2021-жылдары Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициалоо агенттигинин (АРИС) көзөмөлүндө “Жумгал Суу Курулуш” жана “Профит Экспресс” ишканалары тарабынан жалпы суммасы 235 млн 181 миң сомду түзгөн “Таза суу” долбоорун аткарган.
Долбоор 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берилгени менен Кызыл-Ураан, Үч-Терек, Саргата айылдарынын таза суу көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет.
“Биздин эл эми сууга жеттик деп сүйүнүп жатканда кайра эле баягы көйгөй башталды. Системада суу басымы төмөн болгондуктан, айрым үйлөргө суу жетпей, жумалап чыкпай калат. Суунун сапаты да жакшы эмес. Айрым учурда таза эмес саргайган суу келет”, - деген Саргата айылынын тургундарынын бири.
Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 4-июлундагы корутундусуна ылайык, Саргата жана Үч-Терек айылдарында таза суу менен камсыздоодо бир катар кемчиликтер аныкталган.
Мындан тышкары, айыл аймагында атайын лабораториянын жана тиешелүү кызматкер жок болгондуктан калк ичип жаткан суу 3 жылдан бери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлбөйт.
Үч-Терек айыл аймагынын тургундары ичүүчү суунун 1 куб метрине 31,70 сом төлөшөт. Бул тариф облустун башка калктуу конуштарына жана борбор калаага салыштырмалуу бир топ жогору.
Айыл тургундары мындай тариф калктын социалдык-экономикалык абалына терс таасир тийгизип жатканын айтышууда.
Мониторингдин жүрүшүндө айыл тургундары жергиликтүү бийлик органдары менен ортомчу компаниялар көйгөйлөрдү чечүү боюнча натыйжалуу чара көрбөй, жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатканына арызданышты.
Үч-Теректеги кырдаал мамлекеттик жана донордук программаларды ишке ашыруудагы системалуу кемчиликтерди айгинелейт.
Жамиля Жаманбаева Үч-Терек айыл аймагында түзүлгөн кырдаалды жарандардын негизги социалдык жана экологиялык укуктарынын бузулушу катары белгилеп, министрлер кабинетине расмий кат жөнөттү.
Анда акыйкатчы 2019-жылдан бери ишке ашырылып жаткан таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлого комплекстүү аудит жүргүзүүнү сунуштады.