Акыйкатчы аппаратынын бюджетине аудит. Дал келбестиктер катталды

Коом Загрузка... 23 Сентябрь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эсептөө палатасы

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Ушул жылдын, 19-сентябрында Эсептөө палатасы Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын 2023–2024-жылдардагы бюджети боюнча шайкештик аудиттин жыйынтыгын карады.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жүрүшүндө бир катар финансылык жана уюштуруу тартибинин бузулушу аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуулар кызматкерлерди колдоо фондунда баалоо критерийлеринин жоктугу, электр энергиясы жана транспорт чыгымдарынын ченемден ашуусу менен байланыштуу. Мындан тышкары, капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринде 194,5 миң сомдук дал келбестиктер катталды.

Мекеме белгилегендей, мамлекеттик ресурстарды мыйзамдуу, ачык-айкын жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында аудиттик ишмердик мындан ары да улантылат.