Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл.Сары." фильми Шанхай кинофестивалына катышат

Маданият Загрузка... 01 Июнь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 01.06.25 /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл.Сары." аттуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын негизги конкурстук программасына өттү. Бул тууралуу “Кыргызфильм" улуттук киностудиясынан билдиришти.

Кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 13-22-июнь күндөрү Шанхай шаарында өтөт.

Тасманын сценарийи жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Маалымат үчүн: Шанхай эл аралык кинофестивалы — Кытайдагы эң чоң кинофестиваль болуп эсептелет. Фестиваль биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлүп, анда 33 өлкөдөн 167 тасма көрсөтүлүп, 300 миңден ашык көрүүчү катышкан. Калыстар тобунун курамында Карен Шахназаров жана Оливер Стоун болгон.