Аксынын Жылгын айылына 80 млн сомго заманбап мектеп курулууда

Аймак Загрузка... 21 Ноябрь 2025 14:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Аксы районуна караштуу Жылгын айылына заманбап мектеп курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 млн сомду түзөт.

1.jpg

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылууда. Имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстар каралат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабатын тургузуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пайдалануудагы мектеп 2012-жылы жеңил конструкциядан 12 жылга курулган. Учурда 368 окуучу билим алууда.