Аксынын Жаңы-Жол айылында 56 млн сомго жаңы маданият үйү курулду

Аймак Загрузка... 06 Август 2025 17:35
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 400 көрүүчүгө ылайыкталган жаңы маданият үйү курулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 56 млн сомду түздү.

Жалпы аянты 857 чарчы метрди түзгөн жаңы маданият үйү заманбап талаптарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалды.

Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.