Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында наркы 127 млн сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзгөн мектеп 375 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Курулуш-монтаждоо ишери “Алихан строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, заманбап талаптарга жооп берет. Азыркы тапта 85 пайыздык жумуш аткарылды.