Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кара өрүк ар дайым түшүмдүн символу жана дыйкандардын негизги киреше булагы болуп келген. Бирок акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү, илдеттер жана зыянкечтер түшүмгө жана чарбалардын туруктуулугуна коркунуч келтирүүдө.

«Музтөр» уюмунун жетекчиси Тимур Субанкулов ГЭФ/ПРООНдун Чакан гранттар программасынын колдоосу менен өнөр жайды кантип сактап калууга жана өнүктүрүүгө жетишкендиктери менен бөлүшөт.
«Бүт өмүрүн багбанчылыкка арнаган дыйкандар бак-дарактарын да, эртеңкиге болгон ишенимин да жоготуп башташты. Ошондо мен жөн гана өстүрүү жетишсиз, баарын – өстүрүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейин, жаңыча жол менен алып барышыбыз керек экенин түшүндүм», — дейт Тимур Субанкулов.

Айланадагылардын күмөн саноосуна карабастан, Тимур кичинекей айылда деле жогорку кошумча наркы бар продукт жаратууга болорун далилдөөнү чечкен.
«Мага: “Бизде шоколад кайдан болот, Тимур?” – деп көп айтышчу. А мен:“Биздин өрүк жөн гана чийки зат болуп калбашы керек, ал мындан жогору баага татыктуу”, – жооп берчүмүн дейт ал.
ПРООН тарабынан берилген гранттын жардамы менен, «Музтөр» командасы «Стенлей» сортундагы өрүктүн төрт демонстрациялык аянтын негиздеген. Мындан тышкары, элүү дыйкан заманбап багбанчылык ыкмалары боюнча окуудан өтүшкөн.

Химиялык каражаттардын ордуна биопрепараттар колдонулуп, бул топуракка жана экосистемага зыянды азайткан.
Андан кийинки этапта өрүктү кургатуу жана кара өрүк чыгаруу үчүн жабдуулар сатып алынып, соңунда өрүк кошулган шоколад конфеттерин чыгаруучу чакан цех уюштурулган.
Натыйжа биз күткөндөн да ашып түштү: фермерлердин кирешеси 20%га көбөйүп, төрт туруктуу жана жыйырма сезондук жумуш орундарын түздү — биринчи кезекте аялдар, жаштар жана майыптар үчүн.
"Музтөрдун" окуясы билимдин, жоопкерчиликтин жана өнөктөштүктүн колдоосу бүтүндөй бир тармакты кантип жандандыра аларын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө Аксынын кара өрүгү жемиш эмес, туруктуу өнүгүүнүн, жашыл экономиканын жана Кыргызстандын аймактык ийгилигинин символу.
«Биз кичинекей жамаат деле адамдарга жана жаратылышка пайдалуу продуктуларды түзө аларын далилдедик», - дейт Тимур Субанкулов.