Аксыда жол жабылды: Сел көпүрөнүн таянычын агызып кетти

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 10:20
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Аксыда сел көпүрөнүн таянычын агызып, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Жол – Жолборсту унаа жолунун 1+300-чакырымында түнкү саат 02:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Келген сел сууларынын көлөмү чоң болгондуктан, көпүрөгө батпай, анын бир таянычын агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган адамдар жок.

"Учурда унаа жолу убактылуу жабылып, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар жеринде калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.