Аксыда трансформаторлорду оңдоо цехи курула баштады

Аймак 17 июль 2025 16:25
518880434_732104869414491_4062730111886879573_n.jpg
518104153_732104472747864_6500485693320876684_n.jpg
518858235_732104912747820_5020559521746993524_n.jpg
Алдыга
Артка
518880434_732104869414491_4062730111886879573_n.jpg
518104153_732104472747864_6500485693320876684_n.jpg
518858235_732104912747820_5020559521746993524_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Аксыда трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев катышып, курулушка старт берди.

Бул цехтин эски имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулуп, жарым кылым аралыгында эскилиги жетип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, куруу жумуштарын "Амазон" ЖЧКсы колго алган. Бул үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын эсебинен 7,5 млн сом бөлүнгөн.

Цехти куруп бүткөрүү 2025-жылдын күз айларына пландалууда.

Министр заманбап имарат бүтүп калса, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралып, сапаттуу жумуш алып баруусуна шарт түзүлөрүн билдирди.