Аксыда оңдоп-түзөөдөн өткөн бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 23 сентябрь 2025 11:20
551404648_1829895857635985_69482310508877106_n.jpg
550344236_1829895947635976_2078028910449277919_n.jpg
549836764_1829895854302652_2548867918843481795_n.jpg
550501946_1829895937635977_749357885885354060_n.jpg
550850066_1829897284302509_7664022339820842936_n.jpg
552643879_1829896044302633_269321011972875814_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Аксы райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн Аксы районунун Кара-Суу айылындагы Эркиналы Четинбаев атындагы №40 мектепке чейинки билим берүү уюму пайдаланууга берилди.

Райондук администрациядан маалымдашкандай,бул имарат 1989-жылы "Актилек" балдар бакчасы болуп салынып, кийин 1989-2003-жылы "Актилек" балдар бакчасы Э.Четинбаев атындагы башталгыч мектеби болуп аталган. 2005-2006-окуу жылында №58 Э.Четинбаев негизги орто мектеби болуп, ал эми 2006-2007-окуу жылында Э.Четинбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп болгон.

Аталган орто мектептин эшик, терезе, чатырын алмаштыруу менен бала бакча кылып кайра түзүүгө дем берүүчү гранттардын эсебинин 2,7 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом жалпы 3,2 млн сом акча каражаты жумшалды.

Эскерте кетсек, район аймагында 64 мектеп, 1 жеке менчик мектеп, 38 бала бакча, 1 жеке менчик бала бакча болгон болсо, бул бала бакча 40-болуп пайдаланууга берилди.