Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Аксы районунун Балтыркан жайлоосунда "Балтыркан - 2025" I эл аралык туристтик фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, район акими Максатбек Саргазаков, облус аймактарынан жана коңшу Өзбекстадан келген меймандар жана район тургундары катышты.
Тилек Текебаев саамалыктын катышуучуларын куттуктап, бул иш-чара Аксы районунун жаратылыш кооздугун, меймандостугун дүйнөгө таанытуу үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Ал "Балтыркан - 2025" эл аралык туристтик фестивалынын уюштуруунун максаты - туристтерди тейлөө сапатын, маданиятын жогорулатуу, жергиликтүү тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу жана райондогу табияты кооз аймактарды даңазалоо болуп саналаарын кошумчалады.
"Соңку жылдары ички жана тышкы туризмди жакшыртуу боюнча натыйжалуу кадамдар жасалууда, чет өлкөлөрдөн, анын ичинде коңшу Өзбекстандан келген туристтердин агымы артып баратат", - деди облус башчысы.
Туристтик фестивалдын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, Аксы районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү тартууланды. Мындан сырткары “Дестинация Жалал-Абад” уюму тарабынан тоолуу жана окуялуу туризм боюнча практикалык көргөзмө, улуттук оюн түрлөрү өткөрүлдү.