Аксыда 1000 гектар жерге шамал электр станциясын куруу пландалууда

Аймак 23 октябрь 2025 11:44
WhatsApp_Image_dz5vKTT.max-25.max-1920x1080.format-webp.webp
571037367_1855578068401097_7337032721001268390_n.jpg
571214341_1855578078401096_8992505642279622914_n.jpg
571266221_1855578081734429_4994354447904389458_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_dz5vKTT.max-25.max-1920x1080.format-webp.webp
571037367_1855578068401097_7337032721001268390_n.jpg
571214341_1855578078401096_8992505642279622914_n.jpg
571266221_1855578081734429_4994354447904389458_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Аксы райондук мамлекеттик администрациясы Кош-Дөбө айыл өкмөтү менен биргеликте жалпы 1000 гектар жер аянтына шамал электр станциясын курууну пландап жатат.

Райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, бул долбоор аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп, экологиялык жактан таза энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Учурда сынамык үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынан Чер жайлоосунун Кара-Байыр участкасында шамалдын ылдамдыгын аныктоочу атайын шайман орнотулду.

"Бул жабдык бир жылга сыноо мөөнөтү менен коюлуп, ошол аралыкта шамалдын ылдамдыгын аныктайт. Бир жылдан кийин атайын шамалдан электр энергиясын алуу үчүн 32 вентилятор орнотулуп, 200 МВт электр энергиясын Таш-Көмүр ГЭСине түз берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Шамал энергетикасы атмосферадагы аба массаларынын кинетикалык энергиясын электр, механикалык, жылуулук энергиясына же эл чарбасында колдонууга ыңгайлуу болгон энергиянын башка түрүнө айландырууга адистешкен энергетика тармагы.