Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Аксы жана Ноокен райондорунда жаңы 10 чакырым аба чубалгысы тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат.
Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025-жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды.
Бул багытта энергетиктер тарабынан 2025-жылга мерчемделген жаңы 10 чакырым аба чубалгы курулду. Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма жана Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы жаңы конуштарга 1,45 чакырым жаңы аба чубалгы тартылды. Мында электр энергиясына болгон муктаждык бар болчу.
Ал эми Аксы районунун Жылкол, Ноокен районунун Ынтымак, Кызыл-Туу айылдарында жай мезгилинде сугат насостук станциялар иштеген учурда ашыкча жүктөм пайда болуп, аба чубалгыларга күч келчү. Бул көйгөйдү жоюу максатында 8,45 чакырым 6/10 кВ жаңы аба чубалгы орнотулду. Эми аталган айылдарда сугат мезгилинде энергия тартыштыгы жаралбайт.
Мындан тышкары, 3,8 чакырым 6/10–0,4 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн, 323 чакырым аба чубалгы техникалык кароодон, ал эми 205 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн жана кароодон өткөрүлдү.
Ошондой эле Аксы районунун Терс айылына 400 кВА, ал эми Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылына 250 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.
Таш-Көмүр РЭТи Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүн, Ноокен районунун Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрүн, ошондой эле Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай шаарларын электр энергиясы менен камсыздайт. Ишканада 87 кызматкер эмгектенет.