АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 03 Февраль 2026 15:23
625938164_25669163896058509_8236866588753510287_n.jpg
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү - элчи Сержио Гор Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сержио Гор кыргыз тараптын чакыруусу боюнча 3-февралдан 6-февралга чейин Кыргызстанда болот. Сапардын алкагында элчи Сержио Горду мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алат.
Ошондой эле атайын өкүл үстүбүздөгү жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында өтө турган "Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү" темасындагы "B5+1" экинчи диалог форумуна катышмакчы", - деп жазды Алагөзов.