Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. АКШнын дин кармануу эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) төрайымы Вики Хартцлер жана анын орун басары Асиф Махмуд акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, анда дин эркиндигин сактоо маселелери жана 2025-жылдын 1-февралында күчүнө кирген дин жөнүндөгү жаңы мыйзамдын ишке ашырылышы талкууланды. Ошондой эле тараптар диний чыдамкайлыкты илгерилетүү жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында кызматташууга сунуштарды айтышты.
Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги, мыйзам алдында бардыгынын тең укуктуулугу жана жарандардын ишенимине карата дискриминацияга жол бербөө адам укуктары жаатындагы мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Акыйкатчынын айтымында, 2024-жылдан бери институтка дин тутууга байланыштуу бир нече кайрылуулар түшкөн. Мисалы, тергөө абагында отурган аял диний жөрөлгөлөрдү аткарууга шарт жок болуп жатканын айтып кайрылган. Институттун кийлигишүүсүнөн кийин тергөө абагынын жетекчилиги жагдайга түшүнүү менен мамиле жасап, тиешелүү шарттар түзүлгөн.
Дагы бир мисал, психиатриялык оорукананын бейтаптарына байланыштуу, анда аялга намаз окууга тыюу салынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында, тиешелүү кызматкерге эскертүү берилген.
Вики Хартцлер жолугушуудан кийин диний азчылыктардын өкүлдөрү өз ишенимин эркин аткаруусуна шарт болот деген үмүт жаралганын айтты.
Ал эми комиссиянын төрайымынын орун басары Асиф Махмуд диний билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.
Анткени айрым медреселерде экстремисттик идеялар жайылышы мүмкүн жана бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.
Жамиля Жаманбаева быйыл институт интернат тибиндеги диний билим берүү борборлоруна мониторинг жүргүзүү пландалып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4363 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын ичинен 3966сы ислам, 391и христиан, буддисттик, иудейлик жана бахаисттик уюмдар бар.