АКШда мамлекеттик кызматкерлердин отчеттору жасалма интеллект аркылуу бааланат

Дүйнө Загрузка... 25 Февраль 2025 18:06
WhatsApp Image 2025-02-25 at 14.55.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. АКШда мамлекеттик кызматкерлердин Илон Масктын бир жумадагы иши жөнүндө отчет берүүнү суранган катына берген жооптору эми жасалма интеллект системасы аркылуу бааланат. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Илон Масктын мамлекеттик кызматкерлерге жөнөткөн электрондук катына отчеттор жасалма интеллект системасына берилет. Система белгилүү бир кызматкердин жумушу мекеме үчүн маанилүү же маанилүү эмес экенин аныктайт", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин Илон Маск АКШнын бардык федералдык кызматкерлерине өткөн жумада эмне кылганы тууралуу отчет берүүнү суранган электрондук катты жарыялаган. DOGE жетекчиси X социалдык тармагында бул талап аткарылбаса, мамлекеттик бир катар кызматкерлер кызматтан кетерин жазган.