АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылды

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 09:36
1_PHGB9PA.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. АКШнын Индиана штатында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны Б.Б. кармалды. Бул туууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактоодо. 

Расмий маалыматтар түшкөн учурда кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар АКШда жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, натыйжада 4 америкалык каза болгонун жазышкан.